Урматтуу Жоош айыл аймагыбыздын тургундары!
Сиздерге маанилүү маалымат:
2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу КР Министрлер Кабинетинин Токтомун ишке ашыруу боюнча арыздар, башкача айтканда жер мунапысы боюнча арыздарды кабыл алуу 2025-жылдын 1- июнунан токтотулат. Андан ары арыздар кабыл алынбайт!
Ошондуктан, бардык тиешелүү документтериңизди ушул мөөнөткө чейин, Жоош айыл өкмөтүнө келип, бүтүрүп алууңуздарды өтүнөбүз!

