Айыл өкмөтүнүн тарыхы
Жоош айыл өкмөтү 1996-жылы уюшулган. Ош облусунун күн чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Айыл өкмөтүнүн курамына 13 айыл кирет.
Аймак деңиз деңгээлинен бийиктиги 1600 метр. Климаты кескин континенталдуу. Айыл аймагынын түштүк тарабында Мады айыл өкмөтү, түндүк тарабында Сарай айыл өкмөтү, чыгыш тарабында Отуз-Адыр жана батыш тарабынан Шарк айыл өкмөттөрү курчап турат. Жоош айыл өкмөтүндө кооз жаратылыш, таза аба, байыркы көчмөн элдин нарк, үрп-адаттары сакталып келе жаткан элибиздин меймандостугу чет элдиктердин кызыгуусун жылдан жылга арттырып келет.
Учурда 5500 түтүндө 32034 адам жашайт. Шайлоочулардын саны 18650 адамды түзөт. Аймакта басымдуу бөлүгү кыргыздар, ал эми өзбек, тажик, корей жана орус улутундагылар да бар. Калктын негизги бөлүгү мусулман динин тутунгандар. Айылдыктардын негизги киреше булагы айыл чарбасы жана мал чарбасы болуп эсептелет.
Аталышы: Жоош айыл өкмөтү.
Дареги: Кара-Суу району Жоош айыл аймагы Кум-Арык айылы.
Айылдардын саны: 13.
Кожолук саны: 5500.
Калктын саны: 32034 адам.
Жалпы аянты: 19119 га
Деңиз денгээлинен бийиктиги: 1600
Областтын борборуна чейинки аралык: 17 км
Райондун борборуна чейинки аралык : 8 км
Аэропортко чейинки аралык: 15 км
Мектептер: 13
Альфа-Гений менчик мектеби: 1
Дүлөй дудук балдар жатак мектеби: 1
Бала бакчалар: 11
Кыска мөөнөттүү бала бакчалар: 8
Китепкана: 1
Маданият үйү: 2
Музей: 1
Почта байланыш бөлүмү: 1
ФАП: 12
Үй-бүлөлүк даарыгерлер тобу: 2
Электрондук почта: zhoosh_a.o@mail.ru
Почталык индекси: 723329
Байланыш телефону: 0559551639