Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтү

Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтү

Жер мунапысы боюнча арыздарды кабыл алуу 2025-жылдын 1- июнунан токтотулат.

Урматтуу Жоош айыл аймагыбыздын тургундары!

Сиздерге маанилүү маалымат:

2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу КР Министрлер Кабинетинин Токтомун ишке ашыруу боюнча арыздар, башкача айтканда жер мунапысы боюнча арыздарды кабыл алуу 2025-жылдын 1- июнунан токтотулат. Андан ары арыздар кабыл алынбайт!

Ошондуктан, бардык тиешелүү документтериңизди ушул мөөнөткө чейин, Жоош айыл өкмөтүнө келип, бүтүрүп алууңуздарды өтүнөбүз!

Scroll to Top