Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтү

Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтү

Жоош айыл аймагында элдик жыйын болуп өттү

2025-жылдын 10-февраль күнү Жоош айыл аймагында,  Жоош айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата  отчеттук жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Табалдиев Канат Касенович, Кара-Суу районунун прокурору Урдалетова Эркингуль Бурганаковна, Кара-Суу райондук  ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айыл тургундар катышты. Жыйында Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы Балтабаев Айбек Зундуевич, 2024-жылы аткарылган иштер жана 2025-жылга коюлган  пландар боюнча элге маалымат берди.  Аким Табалдиев Канат Касенович Кара-Суу районунда аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берип, жергиликтүү тургундарга сунуштарын айтып, элдердин суроолоруна жооп берди. Ошондой эле көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилерине тапшырма берди. Жергиликтүү тургундар тарабынан ой-пикирлер жана сунуштар айтылып, Жоош айыл өкмөтү тарабынан аткаруу үчүн кабыл алынды.

Жыйындын соңунда,  Жоош айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы үчүн, райондук мекеме ишканалардын кызматкерлерине Ардак грамоталар менен Ыраазычылык баракчалар тапшырылды.

Scroll to Top